23
Май
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү иштерин текшерди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын Шанхай кызматташтык уюумунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди.
Өкмөт башчы калаанын кире беришиндеги «Аска-Таш» стеласынын тышкы конструкциясын өзгөртүп, жазууларын толук алмаштырып реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары шаардык муниципалитет тарабынан стеланын айланасын жакшыртуу чаралары көрүлүүдө.
Премьер-министрге шаардын күндүзгү жана кечки архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу, жолдорду куруу жана оңдоо, көпүрөлөрдү жана башка инфратүзүмдөрдү реконструкциялоо, калааны жашылдандыруу жана коомдук жайларды жакшыландыруу боюнча иш-чаралар топтомун ишке ашыруу жөнүндө маалымдалды.
Шаардык мэриянын жетекчилери көчөлөрдү жарыктандыруу, кошумча архитектуралык жарык берүү жабдууларын орнотуу, таянычтарды алмаштыруу чаралары тууралуу айтып беришти.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык курулуш жана оңдоо иштерин архитектуралык чечимдерге ылайык өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыздоону тапшырды.
Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, шаардыктар жана шаар меймандары үчүн кыйла ыңгайлуу жана жайлуу шаардык чөйрөнү түзүү үчүн коомдук мейкиндиктерди жакшыртуу маанилүү.
[su_carousel source="media: 133251,133246,133244,133245,133247,133248,133249,133250,133252,133253,133254,133255" limit="23" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү