08
Май
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Региондорду өнүктүрүү – жалпы өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун негизи
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош облусунун Араван районундагы Араван-Сай дайрасындагы жаңы көпүрөнүн ачылышына катышты.
Өкмөт башчы эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялаган Жарлыгы алкагында жер-жерлердеги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча милдет коюлган.
«Өлкөдө калктын дээрлик 70 % айыл жергесинде жашайт. Муну эске алуу менен региондорго колдоо көрсөтүү мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринен болуусу тийиш. Региондорду өнүктүрүү – жалпы өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун жана күчтүү мамлекеттин негизи. Биз айыл тургундарынын ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык зарыл шарттар болуусун каалайбыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр 2016-жылы Араван районуна жумушчу сапары менен келгенин эске салып, тургундардын кандай кыйынчылыктарга туш болгондугун, анын ичинде жергиликтүү ишкерлер транспорттук агымдын көбөйүшүнө байланыштуу тыгын көйгөйлөрүнө дуушар болуп келгенин жакындан билерин айтты.
«Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турганда аталган көпүрөнүн долбоорун бекиткен. Азыркы тапта республикадагы көпүрөлөрдүн курулушу жана реконструкциясы Өкмөт тарабынан жол инфраструктурасын жана логистиканы өнүктүрүүнүн негизги фактору катары каралып жатат. Жол инфраструктурасын жакшыртууда региондор үчүн чоң келечек ачылат. Мен транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүүдө товарларды эркин ташууга жана алардын наркынын төмөндөшүнө алып келет деп ишенем», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Маалымат иретинде: куруштун сметалык баасы 16,5 млн сомду түздү. Көпүрөнүн узундугу – 50 метр, ал эми туурасы — 14 метр. Курулуш иштери 2017-жылдын майында башталган.
[su_carousel source="media: 116384,116385,116386,116387,116388,116389" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 116180,116181,116182,116183,116184,116185,116186,116187" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана
ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү