25

Май

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткаруу боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-майда, тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жылга карата чыгаша бөлүгүнүн учурда аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы мамлекеттик органдарга бюджеттин балансын камсыздоо максатында бюджеттин кошумча резервдерин издөө менен катар министрлик жана ведомстволордун 2018-жылга карата чыгаша милдеттенмелерин оптимизациялоо боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшүн камсыздоону тапшырды.

Мындан тышкары, Премьер-министр мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды Аймакты өнүктүрүү концепциясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасынын негизги артыкчылыктарына шайкештигин камсыз кылуу боюнча көрсөтмө берди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү