29

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Салык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун долбоору аркылуу биз көмүскө жүгүртүүдөн алып чыгабыз жана бюджетке олуттуу финансылык ресурстарды

Салык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун долбоору – Өкмөт үчүн артыкчылыктуу, бул долбоор аркылуу олуттуу финансылык ресурстарды көмүскө жүгүртүүдөн алып чыгабыз жана бюджетке олуттуу финансылык ресурстарды кайтарабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөттүн буйрутмасы жана БУУӨП кеңсесинин колдоосу астында даярдалган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана инфраструктурасынын электрондук фискалдык администрациялоого өтүүгө карай даярдыгын баалоо сунушталды. Аналитикалык документ Price Water House Coopers Tax and Advisory эл аралык аудитордук компаниясы тарабынан даярдалган. Адистердин айтымында, салыктык процедураларды фискалдаштыруу тутумун киргизүү көмүскө экономиканын бардык элементтерин толук кандуу кыскартууну камсыздоого мүмкүндүк берет, мында өлкөнүн бюджетине каражаттардын түшүүсүн жогорулатуу камсыздалат. Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу өкүлү катары Озонниа Ожиело белгилегендей, республика Евразия экономкалык биримдигинин мүчөсү катары экономикалык интеграциянын катышуучу-өлкөлөрү менен катарлаш шайкеш саясатты жүргүзүү, анын ичинде көмүскө экономика менен күрөшүү жана бюджеттин кирешесинин ачыктыгын камсыздоо боюнча келечектүү чараларды кабыл алууга тийиш. «Электрондук администрациялоону киргизүү кыргыз экономикасынын глобалдыкка кыйла активдүү интеграциялануусуна шарт түзөт жана Евразия экономикалык биримдигине өлкөнүн натыйжалуу катышуусун камсыздайт. Бул өлкө бюджетине салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн жогорулатууну шарттайт», - деп белгиледи. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев БУУӨП жана PricewaterhouseCoopers өлкө үчүн абдан маанилүү бул ишти уюштурууга аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. «Биздин адистер электрондук фискалдаштыруу сыяктуу мындай кыйын долбоорго республиканын даярдыгын тышкы объективдүү баалоого муктаж болуп келишкен. Алар концепцияны иштеп чыгууга көп нерсе жасашты, бирок таасирдүү жүзөгө ашыруу үчүн өтө дыкат жана ар тараптуу изилдөө талап кылынат. Дал ошондуктан долбоорду сапаттуу даярдоону камсыздоо үчүн Pricewaterhause Coopers адистери тартылган», - деди Өкмөт башчы. Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, ал бул долбоорду жеке өзү көзөмөлдөйт, буга байланыштуу, анын тапшырмасы менен «долбоордук башкаруу» принциптери боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн өз алдынча чакан түзүм түзүлүүдө. [su_carousel source="media: 125169,125170,125171,125172,125173,125174,125175" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү