11
Октябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына келди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына (Тажикстан Республикасы) келди.
Кеңешменин жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ШКУ алкагындагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашат.
Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
[su_carousel source="media: 124238,124243,124242,124241,124239" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124238,124239,124242,124243" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү