12

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ШКУ Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты.

Жыйынды ачкан Тажикстан Республикасынын  Премьер-министри Кохир Расулзода делегация башчыларын берекелүү тажик жерине келиши менен куттуктады.

Ал белгилегендей, ШКУ өлкөлөрү ШКУ мүчө-мамлекеттеринин жана туруктуу аракеттеги органдарынын улантуучулук жана тыгыз өз ара аракеттешүү принциптерин карманышат.

«Биз белгиленген максаттарды жана мамлекет башчылар тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн тийиштүү күч-аракеттерди жумшайбыз. Мындай биргелешкен ишмердик уюмдун алкагында өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө жана келечектүү өнүктүрүүгө жана жаңы документтерди иштеп чыгуу менен кабыл алууда анын аймактардагы, эл аралык ролун жогорулатууга шарт түзөт», - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө тар чөйрөдө ШКУ алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

[su_carousel source="media: 124292,124293,124294,124295,124296" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү