04
Август
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республиканын бардык мектептерин Интернетке кошуу зарыл
«Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республиканын бардык мектептерин Интернетке кошуу зарыл. Бул маселе боюнча милдеттерди алган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети аларды кынтыксыз тартипте аткарууга тийиш», - тиешелүү тапшырманы бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жыйынында берди.
Өкмөт башчы белгилегендей, эгерде окуу жылынын башталышына карата мектептердин 80% Интернетке кошулса, анда жыл аягына чейин камсыздоо 100% болушу керек. Мектептерди интернет менен камсыздоо боюнча тийиштүү иштер белгиленген мөөнөттө так бүткөрүлүүсү шарт.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, мамлекеттик мектептердин жалпы санынан 1451 мектеп же 67% Интернет менен камсыздалган.
Жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы тууралуу баяндама жасаган министр бүгүнкү күнү иш жүрүп жаткан билим берүүнү санариптештирүү тармагындагы долбоорлорду белгиледи. Алардын арасында: электрондук лицензиялоо, Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоо, мектепке келүүнү каттоону автоматташтыруу, билимди компьютердик тестирлөө менен текшерүү, «электрондук күндөлүк» жана башкалар бар.
Мындан тышкары Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, билим берүү тутумунда жүргүзүлгөн реформалардын алкагында билим берүү стандарттарын жаңылоо, жаңы окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгуу пландалууда.
Ошону менен бирге 2010-2017-жылдары мектептерди окуу китептери менен камсыздоо 58% дан 83,6%га чейин жогорулаган.
Премьер-министр өзгөчө басым жасагандай, каржылоонун жылдан жылга көбөйгөндүгүнө карабастан, изилдөөлөр өлкөдө билим берүү сапатынын төмөндүгүн көрсөтүүдө.
«Учурда бала бакчаларда балдар көп, 600 бала бакчага муктаждык бар. Мектептерде дагы ушундай жагдай, мугалимдердин жүктөмү чоң. Демек, окуу материалы ар бир окуучуга тийиштүү түрдө жеткирилбейт. Биз аймактарда билим берүүнү өнүктүрүүгө басым жасоого тийишпиз, себеби калктын басымдуу бөлүгү дал ошол жактарда. Өлкө Президенти өзүнүн Жарлыгы менен 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы катары бекеринен жарыялаган жок. Билим берүү өлкө үчүн маанилүү стратегиялык милдеттерди аткарат. Бул биздин мамлекеттин келечегинин курулушу. Биз тарбиялап жаткан муун өлкөнүн өнүгүү багытын аныктайт», - деп белгиледи Өкмөт башчы.
Жыйынтыгында Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, Билим берүү жана илим министрлиги аймактарды өнүктүрүү жана өлкө калкынын жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында аныкталган, өсүү түйүндөрү болгон 20 шаарга айрыкча көңүл буруулары керек.
Муну менен бирге өлкөнүн бардык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү мекемелерине жылуулук мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү тапшырылды.
[su_carousel source="media: 120824,120799,120806,120797" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү