24
Май
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты.
Транспорт жана жолдор министр Жанат Бейшенов маалымдагандай, учурда курулуш долбоорунун үчүнчү фазасы - узундугу 69,7 км Эпкин-Башкууганды (89,5 км – 159,2 км) участогу, БААЭК 1 жана БААЭК 3 транспорттук коридорлорунун ортосун бириктирүү жолу долбоору ишке ашырылууда. Ишти 2022-жылга карата аяктоо пландаштырылган.
Өкмөт башчы масштабдуу инфратүзүмдүк объекттин маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын баса көрсөттү.
«Жол-курулуш иштерин тездетип, курулушту өз убагында, сапаттуу жана толук көлөмдө аяктоо зарыл», - деди Премьер-министр.
Үстүбүздөгү жылдын апрелинде долбоордук участоктун 159,2-чакырымында долбоордук тилкени тазалоо, өсүмдүк өскөн топурактуу катмарын жана жараксыз материалдардан арылтуу иштери башталган.
Бүгүнкү күнү 159,2-чакырымдан 142 км чейин бактар кыркылды. Ошондой эле 150,9-чакырымдан 151,2 жана 157 км чейин бактар кыркылып бүткөн жерлерде жараксыз материалдарды тазалоо уланууда.
Мындан тышкары 157,3-чакырымда жол бетин казып алуу жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.
[su_carousel source="media: 133302,133303,133304,133305,133306,133307" limit="23" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү