16
Август
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Түндүк» тутумуна кошулуу – жалпы мамлекеттик органдар үчүн артыкчылыктуу милдет
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна кошулуусу боюнча кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн жана «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумундагы маалыматтык тутумдардын аракеттешүүсүнө карата талаптар бекитилген.
«Бүгүнкү күндө «Түндүк» интернет-сайты иштелип чыккан, анда тутум катышуучулары бардык кызыктырган суроолорго жооп ала алат. Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгуу планынын долбоору иштелип чыгып, макулдашылган. План долбоорунда 24 мамлекеттик органдын 76 биринчи кезектеги маалымат базасы аныкталган, анда «Түндүк» тутумундагы маалыматтар базасынын иштеп баштоо мөөнөтү көрсөтүлгөн», - деди Премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин өткөн кеңешмесинде «Түндүк» тутумун тез арада ишке киргизүү бийликтин бардык бутактары үчүн актуалдуу милдеттердин бири болуп саналаарын билдирди.
«Бүгүнкү күндө мамлекеттик тейлөөлөрдүн айрымдары өз актуалдуулугун жоготкондугун эске алуу менен аларды интвентаризациялоодон өткөрүү зарыл.
Учурда 360 мамлекеттик тейлөө бар. Бул тизменин ичинен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тараптан 2017-жылдын июль айында Электрондук тейлөөлөрдүн мамлекеттик порталына киргизилүүчү 191 тейлөөнүн түрү аныкталган», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
«Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» Мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева маалымдагандай, учурда министрлик, ведомстволорду жана аларга караштуу түзүмдөрдү кошуу боюнча техникалык иш-чаралар өткөрүлгөн. Финансы министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд, Мамлекеттик каттоо кызматы, Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду жана Мамлекеттик бажы кызматы сыяктуу 7-10 мамлекеттик орган ортосунда маалыматтарды алмашуу камсыздалган.
Ошондой эле ал маалымдамаларды инвентаризациялоо тууралуу белгилегендей, айрым учурларда мамлекеттик органдар бир нече маалымдама алып келүүнү талап кылат. Мында коррупциялык тобокелдиктин жана мамлекет жана жарандар ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн натыйжасыз тутумунун себептери көрүнүп турат. Буга байланыштуу талдоо жүргүзүү жана маалымдамаларды берүү боюнча кандай функцияларды жана тейлөөлөрдү артыкчылыктуу багытта автоматташтыруу керектиги тууралуу сунуш киргизүү пландаштырылууда.
Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, министрлик жана ведомстволордо айрым маалымат базалары бар, аларды толуктоо гана керек. Бул сыяктуу мамлекеттик органдар үчүн аткаруу мөөнөтү 2018-жыл деп көрсөтүлгөн. Башка ведомстволордо маалымат базаларын иштеп чыгууну «нөлдөн» баштоо керек, же ал иштелип чыгууда. Мындай мнистрлик жана ведомстволор үчүн аткаруу мөөнөтү ишке ашыруу процессинен көз-каранды түрдө түзөтүлүп көрсөтүлөт.
Кеңешменин соңунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, жогоркуларды эске алуу менен, Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгуу Планынын долбоору бекитилген соң мамлекеттик органдардын аткаруусуна жөнөтүлөт. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери өз министрлик жана ведомстволорунун «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна кошулуусунун жүрүшү тууралуу мааымат берип турмакчы.
[su_carousel source="media: 121282,121283,121284,121285,121286,121287,121288,121289" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү