12
Октябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга катышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бирге Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга катышты.
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон алдыдагы жыйындын катышуучулары менен жылуу саламдашты.
«Биздин Уюм эл аралык мамилелердин заманбап тутумунун таасирдүү катышуучуларынын бири катары чыгаарын белгилөө кубанычтуу. Теңдик жана өз ара сыйга, ишенимге жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алууга негизделген кызматташтык – бул биздин узак мөөнөттүү жана бекем алакаларыбыздын негизи», - деп белгиледи ал.
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон ШКУ мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчыларына жемиштүү иш жана алдыдагы жыйынды ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.
Жолугушуунун катышуучулары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун абалын жана келечектүү өнүктүрүүнү талкуулашты.
[su_carousel source="media: 124284,124285,124286,124287" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү