25
Январь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Туризм экономиканын келечектүү тармагы болуп саналгандыктан ага чоң ишеним артылат
Туризм экономиканын келечектүү тармагы болуп саналат, ошондуктан ага чоң ишеним артылат, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» маселеси боюнча баяндама жасады.
Өкмөт башчы белгилегендей, бизде туристтерди тарта турган нерселер: кооз жаратылыш, тарыхый-маданий эстеликтер, меймандос элибиз бар.
«Биз жеке менчик түрүнө карабастан, туризм объекттерине өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. «Таш-Рабат», «Сулайман-Тоо», «Санташ», «Жыргалаң», «Ысык-Ата» сыяктуу маданий объектилерди жана башка мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу комплекстерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында өнүктүрүү зарыл деп эсептейм. Биз бул объекттер мамлекеттин кызыкчылыгында натыйжалуу иштешин каалайбыз. Бизнести туризм тармагын өнүктүрүүгө тартуу кажет», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр ырастагандай, айыл чарбасы ИДП түзүмүндө 13-14%, туризм – 5% түзөт. Калктын 70% айыл чарбасы менен алектенсе, туризм тармагында 10 эсе аз. Ошол эле учурда туризм ИДП түзүмүндө жакшы позицияга ээ.
Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, республикада абадагы бешинчи деңгээлдеги эркиндик киргизилген. Эми башка мамлекеттердин учактары атамекендик аэропортту жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда пайдалана алат.
«Абадагы бешинчи эркиндиктин» киргизилиши экономикага да, республиканын туристтик тармагын өнүктүрүүгө да оңдуу натыйжасын берет», - деди Премьер-министр.
Өз кезегинде маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2019-2023-жылдарга туризм таримагын өнүктүрүү жөнүндө маалыматты сунуштады.
Атап айтканда, туризмдин ИДПдагы үлүшүн 7%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү аркылуу туруктуу туризмдин принциптерин эске алуу менен өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн жана туризмдин экономикага карай салымын жогорулатуу максатында атамекендик туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле туристтик ишмердүүлүктүн ар кыл түрлөрүн өнүктүрүүгө көңүл буруу сунушталат.
Маалымат угулган соң, Өкмөт башчы бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган протоколдун долбоорундагы бардык тапшырмаларды ыкчамдатууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 128588,128589,128590,128591,128592" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү