16

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөттү

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөттү. Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү