09
Май
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.
Өкмөт башчы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, Бишкек шаарынын Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар койду.
Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери менен маектешип, аларды 9-май майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчы көчмө аскердик талаа ашканасында даярдалган жоокер боткосунан ооз тийди.
[su_carousel source="media: 132727,132745,132730,132739,132741,132725,132746,132728,132726,132729,132732,132733,132734,132735,132736,132737,132738,132742,132743,132740,132744" limit="23" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү