25
Май
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев телефондук сүйлөшүүдө Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду туулган күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповду туулган күнү менен куттуктады.
Мухаммедкалый Абылгазиев Абдулла Ариповго бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Өкмөт башчылар ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана өлкөлөр ортосунда мындан ары карай өз ара аракеттешүү келечегин талкуулашты.
[su_carousel source="media: 133387" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү