07
Май
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад шаарындагы № 6 орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы № 6 орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев аткарылган курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Мектеп 275 окуучулук орунга эсептелип, графикке ылайык, курулуш иштери жаңы окуу жылы башталгыча жыйынтыкталышы керек.
Өкмөт башчы мектептин курулуш планы менен таанышып, окуу кабинеттерин жана спорттук зал курулчу тилкени көрүп чыкты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев курулуш иштеринин сапатына жана атамекендик курулуш материалдарын пайдаланууга өзгөчө басым жасоо менен мектеп курулушун жыйынтыктоону тездетүү тапшырмасын берди.
«Балдар жарык жана кенен класстрда билим алуусу кажет. Жалал-Абад шаары жаңы заманбап билим берүү мекемелерине муктаж экендигин эске алуу менен мектепти келерки Билим күнүнө карата ачуу зарыл», - деп белгиледи Өкмөт башчы.
[su_carousel source="media: 116310,116311,116312,116313,116314,116315" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 116180,116181,116182,116183,116184,116185,116186,116187" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана
ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү