12
Октябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Монголиянын Премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин кызматташтыктын келечегин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Монголиянын Премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин эки жактуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Монголия менен эки тараптуу мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүнү ар дайым колдойт жана ал бүгүнкү жолугушуу бул багыттагы активдүү иштер үчүн түрткү болоруна ишеним билдирди.
«Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнүгүү потенциалына ээ соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө тийишпиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өз кезегинде Монголиянын Премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин жолугушуу жана кыргыз-монгол кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар эки өлкөнүн элдеринин маданий-тарыхый байланыштарын эске алуу менен артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууларды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакын арада Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн туристтик потенциалын эсепке алуу аркылуу тоо кен казуу жана туризм тармактарында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү баса көрсөтүлдү.
Жолугушуу 12-октябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган (Тажикстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында өттү.
[su_carousel source="media: 124264,124265,124266,124267" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү