28
Июль
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-июлда, Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.
Бул жолугушуу Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, кыргыз-россия союздаштык мамилелери жогорку деңгээлде өнүгүүнү улантууда, активдүү саясий-экономикалык диалог сакталууда. Аны менен бирге бардык деңгээлдеги байланыштар ишке ашырылууда, алар сөзсүз түрдө, эки жактуу маңыздуу кызматташууларды шарттайт.
«Эки жактуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү потенциалы зор экенине ишенем. 2018-жылдын январь-май айларындагы эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,7%га өскөн. Ошону менен бирге товар жүгүртүүнүн өсүүсү кыргыз товарларын экспорттоого, ошондой эле Россиядан товарларды импорттоого туура келет» - деп ырастады Өкмөт башчы.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясындагы укуктук абалына байланыштуу маселелерди козгоду.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки жактуу кызматташууларды келечектүү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин белгиледи.
[su_carousel source="media: 120535,120536,120537" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү