16
Июль
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Швейцариянын Экономика, билим берүү жана иликтөөлөр федералдык департаментинин башчысы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, Швейцариянын Экономика, билим берүү жана иликтөөлөр федералдык департаментинин башчысы (экономика министри) Йоханн Шнайдер-Амман менен жолугушту.
«Мен ырааттуу өнүгүү мүнөзүнө ээ болгон кыргыз-швейцариялык мамилелердин деңгээлин жогору баалайм. Дипломатиялык мамилелердин 25 жылдык мезгилинде Швейцария Кыргыз Республикасына 370 млн АКШ долларына жакын өлчөмдө гранттык көмөк көрсөттү. Биз Швейцария тарабынан көрсөтүлүп жаткан көп тараптуу колдоого алууну, анын ичинде, демократияны чыңдоо жана шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган көмөгүн жогору баалайбыз. Эл аралык финансы уюмдар алкагындагы активдүү өнүгүп жаткан кызматташтыкты белгилеп кетким келет, анда Швейцария өкмөт аралык келишимдерге ылайык, биздин өлкөнүн кызыкчылыгын көрсөтүп келет. Белгилүү болгондой, Кыргызстан Бреттон-Вуд институттарында – ДВФ жана Дүйнөлүк Банкта Швейцардык добуш берүү тобуна кирет», - деп белгиледи Премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 507 млн АКШ долларын түзүп, саясий пикирлешүү даражасын эске алуу менен өнүгүү үчүн бардык өбөлгөлөр түзүлгөндүгүн белгилеп өттү.
«Кыргыз Республикасына Европа Биримдигинин ВСП+ жеңилдетилген тутумунун макамы берилген. Мындан тышкары, биздин өлкө өз рыногунда 180 млн керектөөчүсү бар Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болуп саналат», - деп эскертти Өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Өкмөт аймактарга басым жасоо аркылуу атамекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн күч-аракет жумшоого багыт алгандыгын баса белгиледи. Бул максатта 2018-2022-жылдарга карата Аймактык саясат концепциясы иштелип чыккан, анда ирригация жана ичүүчү таза сууга байланыштуу маселелерди чечүү каралган.
«Буга катар биз инвестиция тартууга кызыкдарбыз жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен өлкөдөгү швейцардык бизнеске колдон келген көмөктү көрсөтүүгө даярбыз. Өкмөт өзүнүн артыкчылыктуу милдети катары инвесторлордун тартылган каражатын максималдуу түрдө коргоого алынышын камсыздоо деп санайт», - деди Өкмөт башчы.
Өз кезегинде Швейцариянын Экономика, билим берүү жана иликтөөлөр федералдык департаментинин башчысы (экономика министри) Йоханн Шнайдер-Амман эки тараптуу кызматташтык деңгээлин жогору баалай тургандыгын билдирди.
«Биздин делегациянын курамында бизнес өкүлдөрү бар, алар жергиликтүү рынокту, мыйзамдарды, инвесторлорго сунушталган шарттарды иликтөө максатында, ошондой эле инвестициялык жагымдуулукту байкоо иретинде келишти. Биз ишкерлерибиз аларды кызыктырган долбоорлорду табат деген ишенимдебиз. Буга катар биз эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», - деп эсептейт ал.
Ошондой эле Йоханн Шнайдер-Амман жалпысынан өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн кесиптик-техникалык билим берүүнү жана жаңы технологияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйынтыгында Швейцариянын Экономика, билим берүү жана иликтөөлөр федералдык департаментинин башчысы Премьер-министрди Давостогу дүйнөлүк-экономикалык форумга катышууга чакырды.
[su_carousel source="media: 120085,120086,120087" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү