02

Сентябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөгө бүгүн, 2-сентябрда, эки күндүк расмий сапары менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалына гүлчамбар койду.

Өкмөт башчы жана Түркиянын Президенти ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө барышып, анда куран окулду.

[su_carousel source="media: 122071,122072,122073,122074,122075,122076,122077,122078" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү