12

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода кызматташтыктын келечегин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Кохир Расулзода кыргыз коллегасы менен саламдашууда белгилегендей, мындай жолугушуулар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдар алкагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет.

«Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер достук жана коңшулук негизинде курулат. Эки бир тууган элдер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо эки республикада жашаган жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз делегациясынын мүчөлөрүн жылуу тосуп алгандыктарына ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө зор маани берерин белгиледи.

«Быйылкы жылы болуп өткөн эки мамлекеттин Президенттеринин үч жолугушуусу кыргыз-тажик кызматташуусун бардык тармактарда өнүктүрүүгө оңтойлуу дем берди. Мен байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо эки өлкө менен анын элдеринин улуттук кызыкчылыктарына дал келерине ишенем. Биздин республикалардын ортосундагы товар жүгүртүүнү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйтүү – биздин туура жолдо бара жатканыбыздын ачык далили», - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчылар Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерин активдештирүүнү жана алардын жолугушуусун жакынкы арада өткөрүүнү макулдашышты.

Эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин жолугушуусу 12-октябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган (Тажикстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында өттү.

[su_carousel source="media: 124254,124253,124252" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү