14
Март
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөшүштү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөшүштү.
Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги учурдагы абалды жана болуп өткөн чек ара окуясын жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.
Кырдаалды жөнгө салууга жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана коңшулаштык мамилелерди эске алуу менен эки мамлекеттин чек ара тилкелеринде абалды турукташтыруунун мындан аркы чараларын көрүүгө эки жактуу даярдык билдирилди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода белгилешкендей, эки мамлекеттин мамлекеттик органдарынын биргелешкен иши жөнгө салынган жана окуяны биргелешип тергөө жүргүзүү жана чек арадагы кырдаалды эскалация кылууга жол бербөө чараларын көрүү макулдашылган.
Белгиленгендей, учурда эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары абалды жөнгө салуу жана чектеш аймактарда туруктуулукту камсыздоо үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүшүүдө.
Өкмөт башчылар ошондой эле мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү боюнча белгилешти.
Окуя болгон жерге эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кырдаалды турукташтыруу боюнча ишин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барган.
[su_carousel source="media: 130302" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү