21
Март
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жазгы-талаа иштерин жүргүзүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча бир катар тапшырмаларды койду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында жазгы-талаа иштерин жүргүзүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча селектордук жыйын өткөрдү.
Селектордук кеңешмеде тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Өкмөттүн өлкөнүн бардык облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышышты.
Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, айыл чарба тармагын өнүктүрүү аймактарды өнүктүрүүгө түздөн-түз таасирин берет.
«Өкмөт тарабынан 2011-жылдан тартып агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү максатында жеңилдетилген насыяларга 30 млрд сомдон ашуун бөлгөн. Үстүбүздөгү жылы «Айыл чарбасын каржылоо - 7» долбоорунун алкагында биз эң кирешелүү жана экспортко багытталган продукциялардын 11 түрү үчүн пайыздык коюмдарды 6% чейин төмөндөттүк. Ушул эле пайыздык коюм үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары үчүн бекитилген. Фермерлердин каалоо-тилектерин эске алуу менен көп жылдык мөмөлүү дарактарды өстүрүүгө насыялардын мөөнөтү беш жылга чейин узартылган», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Муну менен бирге Премьер-министр Экономика министрлигине жана Финансы министрлигине бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну изилдөөнү тапшырды.
«Айыл чарбасына берилген жеңилдетилген насыялар башка максаттарга пайдаланылып жатканы тууралуу маалымат бар. Эч ким талдоо жүргүзбөйт. «Айыл банк» ААК айыл чарбасын өнүктүрүү эмес, барган сайын бизнес менен алек. Биздин башкы милдеттердин бири – бул айыл чарбасын колдоо жана аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү экендигин сиздер түшүнүүңүздөр керек», - деди ал.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, фермерлер жана дыйкандар менен пикир алышууда айрым мамлекеттик органдардын дарегине сын-пикирлер айтылып жатат.
Анын айтымында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги суроо-талап бар тигил же бул өсүмдүктөрдү айдоонун максаттуулугу жөнүндө фермерлер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө тийиш.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, 2019-жылы үрөнчүлүк чарбаларын колдоо максатында Өкмөттүн чечими менен республикалык бюджетте аларды дотациялоого 107 млн сом каралган.
«Эгерде фермерлер сапатсыз үрөн пайдаланышса, алар бир жылдык эмгегинин үзүрүн көрбөй калышат. Бул жогорку сапаттуу үрөндү сепсек, кээ бир өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн 10-15% жогорулата алабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Ошону менен бирге Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, машина-трактордук паркты модернизациялоо максаттарында мамлекеттик лизингдик долбоору ишке ашырылып жатат.
«Бул долбоордун алкагында жалпы суммасы 3,3 млрд сомго 2500 даана техника берилген. Мындан тышкары 3 миң даанага жакын түз сатып алуулар жүргүзүлгөн. Ошону менен катар биздин фермерлер заманбап техниканы колдоно албаган учурлар кездешүүдө. Мындай шарттарда биз аларды окутууну карап чыгышыбыз керек. Бул абдан маанилүү маселе, аны комплекстүү чечүү керек», - деди Премьер-министр.
Селектордук жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана өлкөнүн аймактарынын башчылары баяндама жасашты. Алар аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды беришти.
Өкмөт башчы айрыкча ырастагандай, жергиликтүү бийликтин, анын ичинде райондордун акимдеринин ишине талаптар күчөтүлөт. Ал кошумчалагандай, ар бир район боюнча талдоо жүргүзүлүп, ишмердигине баа берилет.
«Силер бардык тийиштүү ыйгарым укуктарга ээсиңер. Бул силерге орун алган маселелерди жана актуалдуу көйгөйлөрдү жеринде натыйжалуу жана ыкчам чечүүгө шарт түзөт. Силер бардык мамлекеттик органдардын ишин координациялап, бардык маселелер боюнча акыркы маалыматтар колуңарда болушу керек. Айыл чарбасын өнүктүрүү экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүнү шарттайт жана аймактарда адамдардын жашоосун жакшыртууга өбөлгө түзөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр кошумчалагандай, жазгы-талаа иштеринин алкагындагы бардык иш-чаралар белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Андан соң селектордук жыйында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу маселеси каралды.
Премьер-министр таасирдүү, биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу бар тилкелерде алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын баса көрсөттү.
«Биз Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттеринен сабак алышыбыз керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө роль ойнойт, алар табигый кырсыктардын оор натыйжаларына жол бербөө үчүн калк жана компетенттүү мамлекеттик органдар менен кыйла активдүү иштерди алып барууга тийиш», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Селектордук жыйындын жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.
[su_carousel source="media: 130609,130610,130611,130612,130613" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү