19

Февраль

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жол кыймылын терең талдап чыгуу жана жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу зарыл

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчыга «Коопсуз шаар» долбоорун жүзөгө ащыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымдалды. Анын ичинде жол инфраструктурасына, жол белгилерине, унаа жолдорунун айрым тилкелериндеги кыймылдын жыштыгына байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору талкууланды.

Белгилегендей, долбоор ишке киргизилген учурдан баштап 9700дөн ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталган, алардын жарымы тастыкталган.

«Карапайым жарандар «Коопсуз шаар» долбоорун колдоп беришти. Көп жылдардан бери биринчи жолу жолдордогу кырдаал кардиналдуу түрдө өзгөрүп, ал эми жол эрежелерин бузуулардын саны кыскара баштады. Айдоочулук маданият дагы өзгөрүүдө. Айдоочулардын көпчүлүгү жол инфраструктурасында келип чыккан ыңгайсыздыктарга жана жол тыгындарына карабастан, жол кыймылынын эрежелерин сактоого аракеттенишүүдө», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Ошол эле учурда долбоорду ишке киргизүү инфраструктуранын жана жол кыймылын уюштуруунун айрым маселелерин ачыктады. Көпчүлүк көчөлөрдөгү кыймылдын жыштыгы алардын унааларды өткөрүү шарттарына туура келбейт. Бул айрыкча унаа жолдордун жана кесилиштердин кыймыл көп тилкелеринде байкалат. Транспорттук агым өзгөрүп, унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келүүдө».

Өкмөт башчынын айтымында, жол кыймылын оптимизациялоо жана жакшыртуу, ыңгайлуу жана ойлонулган жол-транспорттук тутумун камсыздоо үчүн аны терең талдоо зарыл.

«Жолдордо рационалдуу кыймылды камсыздоо үчүн светофордук талдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Келип чыккан маселелердин баштапкы себебин аныктамайынча, биз натыйжалуу чараларды көрүп жана жолдордогу абалды жакшыртууга жетише албайбыз. Буга байланыштуу дагы көп иштерди жасоо жана шаардыктардын пикирин эске алуу менен мындан аркы иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр жол кыймылын тыкыр талдоону жана кырдаалды жакшыртуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууну тапшырды.

«Биздин жарандар жана айдоочулар өз сунуштары, анын ичинде жол белгилери жана светофордук жөнгө салуу боюнча пикирлери менен бөлүшүп жатканы кубандырат. Биз абдан маанилүү жана керектүү долбоорду ишке киргизе алдык. Мен биргелешкен күч-аракеттерибиз жана адамдардын пикирлерин эске алуу менен жолдорубузду кыйла коопсуз жана ыңгалуу кылабыз деп ишенем», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

[su_carousel source="media: 129537,129538,129539,129540,129541,129542,129543" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү