01

Апрель

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Баткен облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-апрелде, Баткен облусуна жумуш сапары менен барат.

Өкмөт башчы чектеш айылдардын ички жолдорунун абалын текшерип чыгат, ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектепке бармакчы.

Мындан тышкары Премьер-министр бул айылдын жашоочулары менен жолугушуу өткөрөт.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү