07
Декабрь
2018
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына барат.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында социалдык объектинин ачылыш аземине катышат.
Мындан тышкары Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы бир катар социалдык, инфраструктуралык мекемелердин абалы жана өндүрүштүк ишканалардын ишмердиги менен таанышмакчы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү