18

Июнь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-июнда, эки күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Өкмөт башчы сел жүргөн Лейлек районунун Чимген жана Катран айылдарына, Баткен районунун Кара-Бак айылына барат, ошондой эле турак үйлөрдүн жана көпүрөлөрдүн абалы менен таанышат. Мындан тышкары Премьер-министр Исфана-Кайрагач унаа жолунун Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел тилкесинин жана Кулунду-Батыш тилкесиндеги көпүрөнүн курулушунун абалы менен таанышып чыгат. Сапардын жүрүшүңдө Мухаммедкалый Абылгазиев Кайрагач тилкесиндеги жана Лейлек районунун Кулунду айылында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы. Ошондой эле чектеш Максат айылынын жашоочулары менен жолугушуусу пландалууда. Жумушчу сапарынын соңунда Премьер-министр Баткен шаарында бир катар социалдык объектилердин жана кайра иштетүү ишканаларынын абалы менен таанышат.    

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү