24
Май
2018
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Чүй облусуна барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-майда, Чүй облусуна жумушчу сапары менен барат.
Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө билим берүү жана спорттук объектилердин курулушун, ошондой эле «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолунун тилкесин реконструкциялоонун жүрүшүн текшерип чыгат.
Мындан тышкары Премьер-министр суу сактагычтардын абалы, балык жана дыйкан чарба ишмердигинин менен таанышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү