12

Сентябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат. Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.  

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү