04
Август
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-августта, жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Токтогул ГЭСин жана Камбар-Ата 2-ГЭСин калыбына келтирүү жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, ошондой эле Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барат.
Ошону менен бирге Премьер-министр дыйкандар менен жолугушуп, Бишкек-Ош жолунун тилкесине барат жана Б.Рысбеков атындагы оорукананын медициналык кызматкерлери үчүн салынып, учурда куруу иштери токтоп турган турак үйдүн абалы менен таанышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү