25
Октябрь
2018
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жыл соңуна дейре Өкмөт курулуп бүткөн соцобъектилердин санын 165ге жеткирет
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө орто мектептерди ачуу салтанатына катышты.
Ш.Гана атындагы мектепти ачууда Өкмөт башчы Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундарын маанилүү окуя менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн билдирди.
«Билим берүү тармагы – маанилүү тамактардын бири, аны өнүктүрүгө биз өзгөчө көңүл буруу менен жыл сайын 30 млрд сом бөлүүдөбүз. Кыргыз калкы өз тарыхында көптөгөн катаал учурларды башынан өткөрдү. Бирок ага карабастан, биз чыңалып, ырааттуу өнүгүү жолуна түшө алдык. Бүгүн ушул мектеп сыяктуу заманбап объектилерди ачуу менен биз ага күбө болуудабыз. Эгерде өткөн жылы 90 жакын социалдык объект курулса, быйылкы жылы пландаштырылган 150 мектептин ордуна 165 объект ишке берилет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр белгилегендей, курулуп жаткан окуу жайлары жаңы талаптарга жооп берет жана анын ар бирине интернет киргизилет.
«Биз өсүп келе жаткан муун билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, бир нече тилди билип чыгуусун каалайбыз. Алар кеминде үч тилди: кыргыз, орус жана англис тилин билүүсү шарт. Мында чоң жоопкерчилик мугалимдерге жүктөлөт, алар өз ишинде мыктылардын катарында болуусу үчүн кесиптик ыкмаларын өркүндөтүүсү керек. Мен бул мектептен өз жергесинин жана өлкөсүнүн өнүгүүсүнө тийиштүү салымын кошо турган чыныгы патриоттор өсүп чыгаарына ишенемин», - деп кошумчалады Өкмөт башчы.
Мындан тышкары Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы «Тогуз-Булак» орто мектебинин ачылышында сөз сүйлөгөн Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, аймактарда мындай заманбап мектептерди куруу менен «биз айылдагы билим берүү деңгээли шаардыкынан эч нерсеси менен айырмаланбоосуна жетишүүгө умтулабыз».
Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, Өкмөт айыл жерлериндеги адамдардын жашоосун жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурат, анткени мында калктын 70 пайыздан ашууну жашайт.
Бул мектептер 225 окуучуга эсептелген. Ачылыш салтанатынан кийин жалпы билим берүү мекемелерине компьютердик жабдуулар берилди.
Андан соң Өкмөт башчы Лейлек районунун Кара-Таш айылындагы бала бакчаны ачты.
Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт аймактардагы балдардын чыгармачылыгын, интеллектуалдык жана спорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулат.
Ал мурда менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айтып берип, бул иш мындан ары да улантыларын белгиледи.
[su_carousel source="media: 124986,124985,124988,124989,124990,124991,124992,124993,124994,124995,124996,124997,124998,124999,125000,125001,125002,125003,125004" link="attachment" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү