15
Сентябрь
2018
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефондук сүйлөшүүсү орун алды
Бүгүн, 14-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефондук сүйлөшүүсү орун алды.
Премьер-министр россиялык кесиптешин туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиндеги ийгиликтерди каалады.
Телефондук сүйлөшүү учурунда Өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү