28

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев жергиликтүү жамааттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Мухамметкалый Абылгазиев жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин  кесиптик  майрамы - жергиликтүү жамааттардын күнү менен куттуктады.  

 Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

  «Урматтуу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар менен – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн калыптануусунда узак жана байсалдуу жолду басып өттү.

Элге жакын болгон бийлик институту катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көз карандысыз Кыргызстанды калыптандырууга өзүнүн татыктуу салымын кошту.

Өлкөнүн калкынын басымдуу бөлүгү элет жеринде, чакан шаарларда тургандыгы үчүн бүгүн жергиликтүү жамааттар мамлекетибиздин социалдык мааниге ээ болгон башкаруу органына айланды.

Эл менен иштөө кыйын, бирок ошол эле учурда ардактуу жана асыл иш. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери калың элдин арасында жүрүп, алардын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечип, социалдык-экономикалык реформаларда жана элдин жашоосун жакшыртууда алдыңкы катарларда турушат.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Жарлыгы менен быйыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Президенттин мындай чечим кабыл алуусунун максаты региондорду ар тараптан өнүктүрүү жана бул процесске кайтарылгыс дем берүү болуп саналат. Анын ичинде жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү артыкчылык катары белгиленген. Мамлекеттин күчү кубаттуу жана ийгиликтүү региондордон турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары да жергиликтүү жамааттардын ишин жогорулатуу, инфраструктурасын жакшыртуу боюнча багытын улантат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык кызматкерлерине, Кыргызстандын айылдарынын жана чакан шаарларынын тургундарына ак дилимден албан-албан ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубат турмуш каалаймын!».

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү