11
Декабрь
2019
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Бажы тармагынын санариптик кызмат көрсөтүүгө өтүшү – бул анын ишинин ачыктыгын камсыз кылат
Бажы тармагынын санариптик кызмат көрсөтүүгө өтүшү менен биз бардык кызматтардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жетишебиз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын инспектордук-текшерүү комплексин ишке берүү салтанатында билдирди.