12

Декабрь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Билим берүү системасы рыноктун талаптарына жөндөмдүү болуш керек

Билим берүү системасы өлкөдөгү экономикалык кайра өзгөрүүнүн локомотиви болуусу үчүн рыноктун талаптарына жөндөмдүү болуш керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү системасын комплекстүү талкуулоо жана аны өнүктүрүүгө сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик топтун биринчи жыйында билдирди.

«Буга чейин билим берүү системасы экономикага байланыштырбай өзүнчө каралганы кемчилигибиз болду. Көпчүлүк студенттер диплом алгандан кийин жумуш таба албайт. Ошондуктан билим берүү системасын экономика менен байланыштырып кароо керек. Бул жерде алган билимдин сапаты дагы маанилүү ролду ойнойт. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу мезгил талабы. Мисал үчүн, жалпы республикалык тестирлөө боюнча орточо көрсөткүч көп жылдан бери өзгөрө элек жана жогорулай элек. Муну менен биз кечиктирбестен чече турган маселелер көтөрүлүүдө», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы мектептеги билим берүүнүн деңгээли окутуучулук курамга байланыштуу болорун белгиледи. Аларга дем берүү, ошондой эле жалпы билим берүү системасын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чараларды кабыл алды. 

«Быйыл 120 миң мугалимдин эмгек акысы жогорулады. Республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун алган окуучулар менен мугалимдерге сыйлык берилет. Кыргыз Республикасы БУУнун Конвенциясынын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин билим алуусун камсыз кылган Инклюзивдүү билим берүү концепциясын кабыл алды. Мындан тышкары салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулган жеке менчик жалпы жана мектепке чейин билим бере турган мекемелердин саны көбөйүүдө», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы боюнча бардык сунуштарды Премьер-министр уккан соң, акыркы иш кагаздарды кабыл алууда каралууга тийиш болгон бир нече маселеге көңүл бурду. 

«Кесиптик билим берүүдө окуу процесстеринин натыйжаларына багыт берүү талап кылынат. Эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөргө суроо-талап болуш керек. Мектептерде билим берүү чөйрөсүндө ашыкча жүктөмдүү окуу программаларын карап чыгуу зарыл. Академиялык эркиндик принцибин киргизип, баалоо системасын кайра карап чыгуу ниетибиз бар. Бир сөз менен айтканда, мектептерди балдарга болушунча достош мамиледе кылсак деген ниеттебиз. Бүгүнкү күнү билим берүү бир гана адамдын эмес, бүтүндөй мамлекеттин жашоосунда зор роль ойнойт», - деп жыйынтыктады Премьер-министр.