11

Декабрь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Инвестиция – бул биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасы, жумуш орундар жана салыктар

Өлкөгө инвестициянын келиши биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасын гана жакшыртпастан, өлкө экономикасын дагы көтөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.