21
Декабрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоо текстти келтиребиз:
Урматтуу энергетиктер,
Урматтуу ардагерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Энергетика күнү менен жана Кыргыз Республикасынын энергетика тутумунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдык мааракеси менен куттуктайм!
Энергетика – өзүнүн өнүгүүсүндө зор дараметке ээ болгон биздин мамлекетибиздин экономикасынын башкы тармактарынын бири болуп эсептелет.
Акыркы жылдары энергетиктер тарабынан ГЭСтерди жаңылоого жана калыбына келтирүүгө, электр тармактарын реконструкциялоого жана керектөөчүлөр менен иш жүргүзүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү милдеттер жүзөгө ашырылды.
Бул жылы Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү боюнча долбоордун биринчи фазасы аяктады, башка гидроэлектрстанцияларды эксплуатациялоонун жалпы мөөнөтүн жана кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер улантылып жатат.
Энергетикалык сектордун ишинин сапатын жана реалдуу убакыттын режиминде республиканын тармактарынан берүү боюнча электр энергиясынын теңдемин түзүү тутумун автоматташтырууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн энергетикалык эсептөө борборунун иштөөсү боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.
Энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана табигый отун-энергетикалык ресурстарды рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу экономикабыздын туруктуу өнүгүшү жана калкыбыздын турмуш деңгээлинин сапатынын жогорулашы үчүн негиз түзүүсү керек.
Урматтуу энергетиктер!
Сиздердин күнүмдүк түйшүктүү эмгегиңиздердин натыйжасында берилген жылуулук жана жарык аркылуу ар бир адам камкордугуңуздарды сезип турат. Cиздер биздин өлкөнүн калкынын бейпил жашоосу үчүн колуңуздардан келгендин баарын жасап жатасыздар.
85 жылдын аралыгында Кыргызстандын энергетиктеринин бир нече мууну өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өз жанын аябастан эмгектенди.
Тармактын өнүгүүсүнө өз өмүрлөрүн арнашкан энергетиканын ардагерлерине өзгөчө алкышымды билдирем. Так ушу сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, өз иштериңиздерге болгон сүйүүңүздөр менен республикабыздын энергетикалык көз карандысыздыгына негиз коюлган.
Урматтуу энергетиктер, тармактын ардагерлери! Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктоого, чың ден соолук, бакыт-таалай, республикабыздагы калктын жыргалчылыгы үчүн арналып жаткан асыл иштериңиздерге жаңы ийгиликтерди каалап кетүүгө уруксат этиңиздер!