19

Октябрь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку балл алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү.
Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды.
Премьер-министр ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышты.