10

Март

2020

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тынчтык акциясынын жүрүшүндө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

Өкмөт башчы тараптарды жарандардын катышуусундагы акцияларда  чыр-чатакка жол бербөөгө чакырат. 

«Биздин эл аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып, салттуу баалуулуктарды сактап келген. Үй-бүлөдөгү жана коомдогу айымдардын ролу дайыма өзгөчө болуп келген. Биз бул баалуулуктарды бүгүн да сактап, сыйлашыбыз керек. Укук коргоо органдары тынч жарандарды коргоо жана чыр-чатактарга жол бербөө үчүн акыркы чараларды көрүүгө тийишпиз.  Ал эми акциялардын уюштуруучулары катышуучулардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн бардык кадамдарга баруусу зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине акцияларды өткөрүү учурунда мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырды.