04
Апрель
2020
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Ош облусуна барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өздүк коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жүк жүктөлгөн аскердик учак менен Ош облусуна келди.
Жумуш сапарынын алкагында Өкмөт башчы Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп, мында санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, тамак-аш продуктулары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар сакталуучу кампаларды кыдырып, жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.