20

Ноябрь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги Өнүктүрүү форумуна катышты

БУУӨП Адамдык өнүгүү глобалдык индексине ылайык, Кыргызстан 2018-жылы адамдык капиталдын өнүгүүсүнүн орточо деңгээлиндеги топко кирген 189 өлкөнүн ичинен 122-орунду ээлеген. Албетте, бул жакшы көрсөткүч эмес. Ошол эле учурда Өкмөт калктын саламаттыгын жакшыртуу, билим берүүнү жана өлкө жарандарын ишке орноштурууну жогорулатуу боюнча ырааттуу жана максаттуу иштерди жүргүзүүдө.