19

Декабрь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад шаарындагы «Таш-Булак» подстанциясынын ачылыш салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад шаарындагы «Таш-Булак» көмөк чордонунун ачылыш салтанатына катышты. 

2018-2022-жылдарга карата электр энергиясын үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу программасын жүзөгө ашыруунун алкагында кубаттуулугу 40 000 кВА болгон күч трансформаторун орнотуу менен 110/35/10 кВ «Таш-Булак» подстанциясын реконструкциялоо жана экинчи кезегин куруунун эсебинен электр түйүндөрүн жүктөөнү оптимизациялоо каралган. 

Заманбап жабдууларды жана жаңы трансформаторду орнотуу менен бул энергетикалык объекттин кубаттуулугу 3 эсе көбөйүп, көмөк чордонго социалдык жана өндүрүштүк маанидеги жаңы объектилерди туташтырууга, ошондой эле 110/35/6-10 кВ «Жалал-Абад»  жана ВЛ-110 кВ «Төрөбаев-Жалал-Абад-1» подстанцияларын ашыкча жүктөмдөн арылтууга шарт түзөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, республиканын зор гидроэнергетикалык дарамети бар, аны керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик экономиканын кызыкчылыгында натыйжалуу пайдалануу зарыл.

Өкмөт башчынын айтымында, ата мекендик энергетиканын потенциалын эске алуу менен жарандар энергетика менен камсыз болууда көйгөлөрдү сезбеши керек.

Премьер-министр адамдардын толук кандуу заманбап жашоосун, экономиканын тармактарынын жана коомдук турмуштун өнүгүшүн электр энергиясы менен туруктуу камсыздоосуз элестетүү мүмкүн эместигин белгилеп өттү. Ал буга байланыштуу аймактардын энергетикалык потенциалын чыңдоо чараларынын маанилүүлүгүн ырастады.

Мухаммедкалый Абылгазиев көмөк чордонду ишке киргизүүнүн символикалык баскычын басып, Жалал-Абаддын жашоочуларын анын ачылышы менен куттуктады.

Маалымдама: Подстанция 1988-жылы курулуп, ишке берилген. Ал Жалал-Абад шаарын, Жалал-Абад облустук ооруканасын, төрөт үйүн, Тайгараев, Курманбек, Достук кичи райондорун, Сузак районун, Таш-Булак, Ленин, Багыш айыл өкмөттөрүн, Көк-Жаңгак шаарын жана аймактын өнөр жай объекттерин электр энергиясы менен камсыздайт.