25
Март
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуу жана тараптардын калкты COVID-19дан сактоо боюнча кабыл алган чаралары, ошондой эле мындан ары кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри А.Мамин өзгөчө абал шартында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу маселеси талкууланып, дагы бир жолу өлкөлөр ортосунда товарды эркин ташуу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.