09

Декабрь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын Оренбург облусунда болгон жол кырсыгынан 4 кыргызстандыктын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Оренбург облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. 


Жол кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 4 жараны каза болду жана 3 жараны жаракат алды. Учурда жаракат алгандар ооруканада. 


Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү кызматтарга кырсыктан каза болгондорду Кыргыз Республикасына алып келүүгө байланыштуу  маселени чечүү жана жаракат алган жарандарга зарыл болгон медициналык жардамды берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.