22

Ноябрь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат.

Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат. 

Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.