28

Ноябрь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: 2020-жылдын бюджетинин социалдык багыты – артыкчылык катары кала берет

Калкты социалдык коргоо жана колдоо Өкмөттүн ишинде ар дайым артыкчылык катары калат жан мамлекет кыйынчылыктарга карабастан, өзүнүн социалдык милдеттемелерин толук көлөмдө аткарууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Өкмөт башчы билдиргендей, быйыл билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүлүп, медициналык кызматкерлердин маянасын көтөрүүдө олуттуу жылыштар бар.

«2020-жылы бюджеттин социалдык багыты – артыкчылык катары кала берет. Биз калктын аярлуу катмарларына даректүү колдоо көрсөтүүнү күчөтөбүз». 

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, учурда бюджетте тышкы карызды туруктуу жана натыйжалуу тейлөө үчүн так ченемдер киргизилген.

«Эгер 2019-жылдын башында ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 48,8 түзсө, ал 2020-жылы 43,5%га чейин төмөндөру күтүлүүдө. Башкача айтканда, көрсөткүчтөр төмөндөөдө. Өкмөт бюджеттеги каатчылыкты жана мамлекеттик карызды кыскартуу максатында бюджетти консалидациялоо саясатын улантат. Бюджеттин күнүмдүк чыгымдары ички булактар аркылуу жабылат, ал эми тышкы финансы булактары экономиканы өнүктүрүүгө багытталат», - деп жыйынтыктады Премьер-министр.