25

Январь

2013

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү тууралуу буйрукка кол койду. Аталган буйрукка ылайык облустардагы  Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө райондук мамлекеттик администрациянын башчыларына-акимдерге жана алардын орун басарларына кызматтык милдеттерин аткарбаганы же так аткарбаганы үчүн  милдеттүү түрдө Өкмөткө билдирүү менен тартипке чакырууну колдонуу укугу берилди. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын, алардын орун басарларын  кызматка коюнун алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдашылат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү