17
Март
2012
Бүгүн, 17-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Аксы окуясынын 10 жылдыгынын урматына уюштурулган митинг-реквиемге катышты. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдыев, көрүнүктүү коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Митингдин расмий ачылышына чейин Премьер-министр Ө.Бабанов, ЖКнын Төрагасы А.Жээнбеков Агро-өнөр жай имаратынын 7-и кабатында 2002-жылы ачкачылык акциясын жарыялаган Шералы Назаркуловдун музей бөлмөсүн көрүштү.
Өкмөт башчы Ө.Бабанов Ш.Назаровдун баласына компьютер белектеп, ага жакшы билим алууга аракеттенүүсүн жана атасындай мекенчил болуусун каалады.
Премьер-министр митинг - реквиемде сөз сүйлөп, Аксы окуясы – бул кыргыз демократиясынын өзгөчө саясий феномени жана жаңы этабы деп билдирди.
“Аксы окуясы бийликтин элге каршы саясатына, анын авторитардык, тоталитардык башкаруусуна каршы элдин алгачкы толкундоосу болгон. Элдин ой-мүдөөсү менен эсептешпеген бийликтин келечеги жок экендигин Аксы окуясы ташка тамга баскандай даана көрсөттү”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр Кыргызстанда демократияга эч кандай альтернатива жок экендигин Аксы окуясынын ачуу чындыгы дагы бир ирет далилдегендигин баса белгиледи.
“Кыргыз элинин эркиндикке, азаттыкка сугарылган улуу духу эч кайсы бийликке кол куушуруп, моюн сунуп берген эмес. Аны акыркы 20 жыл аралыгындагы саясий окуялар, бир эмес эки жолу болуп өткөн элдик революция ачык-айкын далилдеди. Бул саясий революциялардын өзөгү Аксы окуясында жатат. Аксы трагедиясы – өлкөдөгү демократияны коргоонун алгачкы бастиону болгондугун тарых көрсөттү.Биз бүгүн элибиздин майтарылгыс ыйык духуна таазим этүү менен, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай “эркиндик үчүн күн сайын күрөшкө чыгуубуз керек!”. Анткени, али да болсо арабызда авторитардык режимди эңсеген реваншисттик күчтөрдүн бар экендигин жашыра албайбыз. Биз эскини эңсеген жана аны самаган күчтөргө ачык айткыбыз келет, “Бизде артка карай жол жок!”, - деп айтты Ө.Бабанов.
Премьер-министрдин айтымына караганда, Аксы трагедиясына 10 жыл болсо да, анын жараты азыркыга чейин басыла элек.
Өкмөт башчы бийликтин өзүм билемдигине жана элге каршы саясатына ачкачылык акциясын жарыялаган Шералы Назаркуловдун бөлмөсүн көргөндүгүн белгилеп, ал чакан бөлмөдө өз кезегинде ачкачылык жарыялаган мекендештер элдин эркиндигин өз өмүрүнөн да алда канча жогору коюп, Кыргызстандагы демократияны сактап калууга башын байлашкандыгын айтты.
“Бүгүн биз авторитардык бийликтин колунан курман болгон Сатымбек Уркумбаев, Медетбек Бекмуратов, Кадыркул Сапаралиев, Бегалы Четимбаев, Элдияр Уметалиев, Советбек Тагаев жана Шералы Назаркуловдун жаркын элесине, жалтанбас кайратына таазим этебиз, анткени, алар бул жашоодогу адамдын эң бийик дөөлөтү эркиндик үчүн жан беришкен”, - деди Премьер-министр.
Ө.Бабанов сөзүнүн аягында, Аксы окуясынын каармандарынын урматына бир мүнөт эскерүү жарыялады. Андан соң Шералы Назаркуловдун мемориалдык тактайы ачылды.
Ошондой эле митингдин катышуучулары Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде Аксы окуясынын 10 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү