19
Январь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги астында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо маселесине арналган кеңейтилген жыйын болуп өттү.
Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов сөзүнүн башында бул кеңейтилген отурумду өткөрүүгө республикадагы былтыркы жылдын аягындагы жана ушул жылдын башындагы электрэнергиясын авариялык өчүрүүлөрдүн болушу себеп болгондугун белгиледи. Анын айтымында мындай көрүнүштөр элибиздин нааразычылыгын жаратууда.
“Өлкөнүн энергетикалык системасынын кышка тийиштүү даярдыгынын жокутугунун негизинде биздин жарандарыбыз жарыксыз жана жылуулуксуз калууга мажбур болушту. Энергетиктер кышка 100% даярбыз деп жыл башында айтканына карабастан, даярдыгы начар болгондугун мезгил көрсөттү. Энергетиктер алдына коюлган маселелерди жана милдеттерди толук кандуу аткара алышкан жок”, - деп баса белгиледи Премьер-министр.
Өкмөт башчысы энергетиктердин ишмердүүлүгүнүн негизги критерийлери болуп энергетика тармагындагы жоготууларды 27 пайыздан 19,5 пайызга чейин төмөндөтүү, акча төлөмдөрүн 100 пайыз чогултуу жана дебитордук карызды кыскартуу болуп санала тургандыгын белгиледи.
“Жалпысынан алганда, республиканын аймагында 2011-жылы бөлүштүрүүчү түйүндөрдө 12 миңден ашык өчүрүүлөр болгон. Ал эми энергетикалык сектордогу жалпы жоготуулар 22,2 пайызды, чогултуунун көлөмү болсо 94 пайызды түздү. Демек, бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын бири дагы өз милдеттерин так аткара алган жок. Ушуга байланыштуу тиешелүү тыянактар чыгарылат”, - деп баса белгиледи Ө.Бабанов.
Премьер-министр бул тармактагы көп көйгөйлөр чарбалык субъектилердин эле деңгээлинде чечилчү маселелер экендигин айтты.
“Энергетиктердин алдында турган милдеттер өз убагында чечилиши керек эле. Такыр чечилбей, айла жок болгон учурда гана Өкмөттүн деңгээлине чыгаруу керек”, - деди Ө.Бабанов.
Энергетикалык коопсуздукту жана бул маселе боюнча кошуна мамлекеттерден көз карандысыз болууну камсыздоо максатында 2011-жылы “Датка 500кВ” подстанциясынын курулушу башталганы маалымдалды. Ал республиканын түштүк региондорун энергетикалык шакекчеге бириктирип, кийинчерээк республиканын түндүгү менен да бириктирмекчи. Анткен менен республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн бул жетишсиздик кылат.
“Буга байланыштуу мен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын өкүлдөрү менен 500кВ “Датка-Кемин” электрөткөрүүчү линиясын жана 500 кВ “Кемин” подстанциясын куруу долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ведомстволор аралык комиссия түзүүнү чечтим. Мунун аркасында кошуна мамлекеттердин энергосистемасынан толугу менен көз карандысыз болгон абалга жетишебиз. Бул ведомстволор аралык комиссия 2012-жылдын 15-февралына чейин кредиттик Келишимдин долбоорун иштеп чыгып, белгиленген тартипте Өкмөттүн кароосуна киргизүүсү керек”. – деп айтты Премьер-министр.
Жыйын учурунда чакырылгандар энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин отчетун угушту.
Отурумду жыйынтыктап жатып, Премьер-министр энергетиктерден майнаптуу реформаларды жана өзгөртүүлөрдү жүргүзүүсүн талап кылды.
“Мындай кадамдарга барбасак, проблемалар кайталана берет. Ушул жыл ичинде абоненттердин баарын алдын ала төлөөчү эсептегичтерге өткөрүү керек. Ушуга удаа эле энергетика тармагын модернизациялоо жана электр түйүндөрүн жаңылоо иши да жүрүшү зарыл. Элибиз болуп жаткан өзгөрүүлөрдү сезиш керек. Ушул маселелер боюнча тез аранын ичинде алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча сунуштарды Өкмөттүн кароосуна киргизгиле”, — деп кайрылды Премьер-министр энергетика жана өнөр жай министри А.Шадиевге.
Ө.Бабанов энергетика тармагын өнүктүрүүдө жаңы технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурду.
“Мындай технологияларды колдонуу колубузда бар ресурстардын кубаттуулугун көбөйтөт. Мисалга алсак, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугун эки эсе көбөйтсө боло тургандыгы жөнүндө белгилүү “Alstom” компаниясынын сунушу бар. Эгер бул сунуштар бардык талаптарга жооп берсе, бул долбоорду иш жүзүнө ашырышыбыз керек”, - деди Премьер-министр.
Ошондой эле Өкмөт башчысы энергетика тармагындагы коррупция схемаларын жоюну талап кылды.
“Бул маселе республикабыздын энергетика тармагынын ишмердүүлүгүндө эң маанилүү болуусу зарыл. Аны чечүүгө Коомдук байкоочу кеңештин жана коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу зарыл”, - деди Өкмөт башчысы.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Ө.Бабанов энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге 2011-2012-жылдын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүүдөгү канааттандыраарлык эмес иши үчүн сөгүш жарыялады. Ошондой эле А.Шадиевге жылытуу мезгилинен авариясыз, ишенимдүү өтүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлө тургандыгын баса белгиледи.
Премьер-министр ишиндеги такай кемчиликтери үчүн “Түндүкэлектро” ААК Директорлор кеңешине ишкананын жетекчиси Н.Кайдуевди кызматтан алуу маселесин кароону сунуштады. Ошондой эле “Түндүкэлектр” ААКсынын техникалык директору Турдубаев боюнча да тиешелүү жыйынтыктар чыгарылышы керектигин белгиледи.
Андан сырткары, энергетика министри Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦ жетекчилеринин жумушуна дагы көңүл буруп, тийиштүү дисциплинардык чараларды көрүшү керек.
“Жарандар келишимдерге ылайык коммуналдык кызматтардын бардык түрүн толук өлчөмдө жана үзгүлтүксүз алып турушу керек”, - деди Ө.Бабанов.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:
• 2012–жылдын 10-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министирлигинин коллегиясынын отурумун өткөрүп, энергетикалык компаниялардын жетекчилерине карата ээлеген кызматынан бошотууга чейин тиешелүү чараларды көрүү
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумунда 2012 –жылдын биринчи I кварталынын жыйынтыгы боюнча электрэнергиясы менен керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча көрүлгөн жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдоо;
• Авариялык абалдарды болтурбоо үчүн кийинки жылуулук берүү мезгилине чейин отун-энергетика комплексиндеги ишканалар менен биргеликте зарыл болгон бардык уюштуруу жана техникалык маселелерди чечүү;
• “Кыргызстан УЭТ” (Кыргызстандын улуттук электр түйүнү, НЭС) ААКсы менен биргеликте Биргелешкен энергетикалык шакекченин коңшу мамлекеттер менен катарлаш ишинин сакталышын камсыздоо;
• Туруктуу негизде республиканын энергияны керектөөсүн божомолдоп, чыңалуунун ар бир деңгээлинде авариялык учурларды болтурбоо үчүн энергетикалык жабдуулардын коопсуздугун баалоону өткөрүү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү