18
Январь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) президенти Ровнаг Абдуллаевди кабыл алды. Жолугушуу учурунда Өмүрбек Бабанов Биринчи вице-премьер-министр кезинде чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапарын Азербайжандан баштагандыгын айтты. “Өлкөлөрүбүз ортосунда жылуу, достук алакаларыбыз бар. Мындан ары да эки тараптуу мамилелерибиз азыркыдан да бийик сапаттык деңгээлге чыгат деп үмүттөнөм”, - деди Ө.Бабанов. Р.Абдуллаев кыргыз тарапка делегацияны жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга эки өлкөнүн президенттеринин мурда сүйлөшкөн макулдашууларын иш жүзүнө ашыруу максатында келип отурганын маалымдады. Жолугушуу учурунда Кыргызстанда Азербайжандын колдоосу менен мунай затты кайра иштетип чыгаруучу заводду куруу маселеси талкууланды. Азербайжан тарап мындай долбоорго кызыкдар экендигин билдирди. Р.Абдуллаевдин айтымында, жакын аранын ичинде Кыргызстанга Азербайжандан атайын адистер келип, жогорку деңгээлде талкууланган маселелерди иш жүзүнө ащыруу маселелерин тереңирээк изилдей тургандыгын маалымдады. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Өкмөт тарабынан Азербайжандан Кыргызстандын экономикасына инвестициялар ийгиликтүү тартылышы үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүлө тургандыгына ишендирип кетти. “Биз Азербайжандан бир гана мунай зат тармагына гана эмес, республикадагы башка келечектүү тармактарга дагы инвестициялар тартылып келээрине үмүт артабыз”, - деди Ө.Бабанов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү