02
Октябрь
Премьер-министр JICA менен «Манас» аэропортунун инфраструктурасын жакшыртуу жана унаа жолдорун реабилитациялоо маселесин талкуулады
Бүгүн, 2-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) вице-президенти Хидзаки Домичи менен жолугушту.
Жолугушууну ачууда, Премьер-министр Хидзаки Домичиге Кыргыз Республикасындагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууга көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана JICA аралык кызматташуусу өнүгүү көрсөткүчүнө ээ болуп жаткандыгын белгиледи.
Өз кезегинде Домичи эки тараптуу кызматташуунун активдешүүсүнө кызыкдар экендигин билдирип, Кыргызстанды экономикалык, социалдык, инвестициялык маселелер боюнча кеңири колдоого алууга даяр экендигин белгиледи.
Андан соң тараптар биргелешкен долбоорлор боюнча учурдагы абалды талкуулады, тактап айтканда, «Ош-Баткен-Исфана» жолдорун реабилитациялоо жана “Манас” аэропортунун жабдууларын жакшыртуу маселеси талкууланды.
Өкмөт башчы Хидзаки Домичиге “Манас» Эл аралык аэропорту жана «Кыргызаэронавигация” мамишканасы үчүн атайы авиациялык жабдууну жана техниканы ташуу боюнча долбоорду жактыруу боюнча Өкмөттүн буйрук долбоору Өкмөттө макулдашуу процедурасынан өткөрүлүп жаткандыгын маалымдады. Ал эми Ош-Баткен-Исфана жолунун бөлүгүн реабилитациялоо боюнча келишимди жактыруу тууралуу мыйзам долбоору, ошондой эле Ош-Бишкек тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартуу боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча документтер Жогорку Кеңешке ратификациялоого жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, тараптар JICA тараптан Кыргызстанга шайлоо процессине жаңы технологияларды, тактап айтканда, добуштарды электрондук эсептөө жана шайлоочуларды идентификациялоо тутумун киргизүү боюнча көмөк көрсөтүү маселесин козгоду.
[su_carousel source="media: 43161,43162,43163,43164" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү